Ссылки доступа

Астананын дагы бир тургуну Бляловду колдоп пикетке чыкты (видео)


Астананын жашоочусу Екатерина Зайцева камактагы жарандык активист Болотбек Бляловду бошотуу талабы менен пикет өткөрдү.

“Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, ал Бляловдун сүрөтүн колуна кармап, бийлик активистти азаттыкка чыгарышы керектигин айтты.

Казакстанда ушуну менен Бляловду колдогон үчүнчү пикет уюштурулду. Буга чейин Астана менен Уралдын эки тургуну да жарандык активистти бошотуу талабын коюшкан.

Болотбек Блялов “социалдык, улут аралык чатакты чыгарууну көздөгөн” деген айыптын негизинде 11-ноябрда камакка алынган. Тергөө Блялов Интернетке жайгаштырган материалда эл арасында чыңалууга түрткү бериши ыктымал болгон жагдайлар бар экенин айтууда. Блялов Астанада турак-жай көйгөйүн чече албай жүргөн тургундардын укугун сотто коргогон жарандык активист катары белгилүү. Ал «Антигептил» тобунун мүчөсү.

http://www.centralasian.org/content/article/27419759.html

XS
SM
MD
LG