Ссылки доступа

Өзбекстанда абактан бошогон “саясий туткунга” паспорт берилбей жатат


Өзбек бийлиги 21 жылдан кийин эркиндикке чыккан “саясий туткун” Мурад Жураевге жарандык паспорт берүүдөн баш тартты. Бул маалыматты анын туугандары тастыктады.

“Борбор Азиядагы адам укуктары” бирлигинин жетекчиси Надежда Атаева Мурад Жураев дарыланууга муктаж экенин, түрмөдө кургак учук жуктуруп алып, бөйрөгү да катуу ооруп жатканын билдирди. Укук коргоочунун айтуусунда, документтин жоктугунан анын жарандык укуктары чектелип калууда. Ошондой эле абактан бошоордун алдында Жураевге журналисттер менен кездешпөө тууралуу шарт коюлганы белгилүү болду.

Бийлик Жураевди мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну максат кылган деп күнөөлөп, 1994-жылы 12 жылга эркинен ажыраткан. Анын абактагы мөөнөтү 4 жылга узартылып, темир тордон 21 жылдан кийин гана быйыл октябрда бошотулду. Расмий Ташкен мындай “айкөл” чечимди АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Өзбекстанга болгон сапарынан кийин кабыл алды. 63 жаштагы Мурад Жураев учурда Мубарек шаарында жашайт.

XS
SM
MD
LG