АКШ армиясынын өкүлү, полковник Стив Уоррен аба чабуулдарынан Абу Салах менен кошо аталган топтун дагы жогорку даражалуу эки жетекчиси өлгөнүн 10-декабрда билдирди. Анын айтымында, Абу Салах согушкерлер тобунун финансы тармагын тейлеген бирден бир тажрыйбалуу кишиси болгон. Калган экөөнүн бири топ басып алган аймактагы талап-тоноо иштерине жооп берсе, экинчиси аткаруучу директор сыяктуу кызматты аркалаган.
"Ислам мамлекети" террордук тобу 2014-жылы Ирак менен Сириянын бир канча аймагын басып алган. АКШ баштаган коалициялык күчтөр бир жылдан ашуун убакыттан бери аталган топко каршы операция жүргүзүп, аба соккуларын уруп келет.