Ссылки доступа

Кыргызстанда долларды чектөө аракети көрүлүүдө


Кыргыз өкмөтү Улуттук банк менен биргеликте өлкө ичинде доллардын жүгүртүлүшүн чектөө боюнча экономикалык жана социалдык чаралар системасын иштеп чыкканы жатат.

Бул тууралууэкономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди. Ошону менен катар валюта базарындагы абалды турукташтыруу жолдору каралып жатканы айтылды.

Кыргызстанда жыл башынан бери АКШ доллары кескин көтөрүлүп, расмий маалымат боюнча өз позициясын башка валюталарга карата дээрлик 27% бекемдеди.

XS
SM
MD
LG