Ссылки доступа

ИМдин мунай сатуудан тапкан кирешеси айына 40 миллион долларды чапчыйт


АКШнын каржы министрлигинин өкүлү Адам Шубин Лондондогу Chatham House институтунда сүйлөп жатып, өздөрүн “Ислам мамлекети”деп атаган террордук топтун согушкерлери мунайды мыйзамсыз сатуудан бир жылда 500 миллиондолларга жакын каражат тапканын жарыялады.

Анын айтуусунда, мунайдын басымдуу бөлүгүн Башар Асаддын өкмөтү сатып алат. Алар бири-бирин жок кылууну максат кылып, мурункудай эле миллиондогон доллар менен соода жүргүзүшүүдө.

Согушкерлер өндүргөн кара майдын жарымы “Ислам мамлекети” уюму көзөмөлдөгөн аймакта калса, дагы бир бөлүгү Сириядагы күрддөргө сатыларын, Түркияга да азыраагы жеткириле турганын кошумчалады Американын каржы министрлигинин өкүлү. Ошондой эле согушкерлер мунай сатуудан ай сайын 40 миллион доллар пайда көрөрүн айтып, алардын каржыланышына бөгөт коюу үчүн Түркия менен болгон чек араны жабуу керектигин белгиледи. Бул мүдөөнү ишке ашырууда түрк бийлиги жигердүү колдоо көрсөтүшү зарылдыгына да токтолду.

Вашингтондун расмий маалыматы боюнча, “Ислам мамлекетинде” мунай аткезчилигинен башка да каржы булактар бар. Аталган топ Сирия менен Ирактагы банктарды тоноодон 1 миллиард долларга жакын акча алганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG