Ссылки доступа

Орусия менен Кытай мыйзамсыз капитал боюнча алдыга озду


Global Financial Integrity уюмунун изилдөөсү боюнча, Орусиядан жыл сайын 105 миллиард доллардан ашык акча мыйзамсыз чыгарылат. Ал эми Кытай бул көрсөткүч боюнча андан да алдыда.

Бээжиндин мыйзамсыз капиталы 140 миллиарда доллар деп эсептелди. Мексика 52,8 миллиард доллар менен үчүнчү орунда турат. Жыл сайын Орусия аталган уюмдун тизмесинде алдыңкы он мамлекеттин катарына кирет.2008-жылдагы иликтөө боюнча 107,8 млрд, 2011-жылы 183,5 млрд доллар менен алдыга чыккан.

GFI – Эл аралык саясат боюнча америкалык борбордун программасы. Ал мыйзамсыз акча которууларды иликтеп, мунун алдын алуу чараларын иштеп чыгуу менен алектенет.

XS
SM
MD
LG