Тажикстандыктар күрөш боюнча 9 салмактык категорияда сыйлыкка ээ болушту. Азия чемпионунун наамы жана алтын медалдар Мубориз Мунавваров (68 кг), Мирзошариф Исматов (74 кг), Суруш Каримов (82 кг) жана Саидмумин Шомахмадовго (100 кг) ыйгарылды. Ал эми Жоми Хасан (52 кг), Ёкубжон Рахматов (62 кг) жана Рашид Зиёбеков (90 кг) күмүш медалдын ээси болду. Сорбон Латифов (57 кг) жана Салимбек Салимбеков (100 кг) коло, аялдар арасынан Азизова (72 кг) менен Дилбар Султонова (80 кг) 2 күмүш медал менен команданын эсебин толукташты.
Мелдешке Ооганстан, Индонезия, Түштүк Корея, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Непал, Тажикстан, Өзбекстандан келген 300гө жакын спорт чебери катышты.