Ссылки доступа

Украинанын чыгышында танк менен артиллериялык куралдар байкалганы айтылууда


Алчевск, Первомайск, Донецк райондорунда Минск келишими аркылуу тыюу салынган танктар, 100 мм калибрден ашкан артиллериялык курал-жарак колдонулуп жатат деген билдирүүнү Украина Коргоо министрлигинин чалгындоо боюнча башкармалыгы таратты.

Бул маалымат Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын миссиясына жиберилди.

“Украин чындыгы” гезити орус аскерлеринин бөлүктөрү мурда жарылган жерлерди кайра жардырып, муну менен Орусия ЕККУнун байкоочуларына украин тарап Минск келишимдерди бузганын “далилдөөнү” көздөп жатканын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG