Ссылки доступа

Грузияга “Жаңы жибек жолу” долбоорунун алкагында алгачкы жүк келди


“Жаңы жибек жолу” долбоорунун алкагында Кытайдан жүк ташыган алгачкы поезд 13-декабрда Грузияга жетти. Тбисилинин автобекетинде поездди өкмөт башчы, экономика менен тышкы иштер министрлери тосуп алышты.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили белгилегендей, долбоордун алкагында эми жүк Европага мурдагыдай 1,5 айда эмес, эки жумада эле жеткирилет.

“Грузиянын Европа, Чыгыш Азия, Индия, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгышты бириктирген борборго айланышына ишенем”, - деди Гарибашвили.

29-ноябрда Кытайдан жиберилген жүктөр Казакстандан өтүп, Каспий деңизи аркылуу Азербайжандын чек арасына, андан ары темир жол менен Тбилисиге ташылган. Эми Түркиядан Европага жиберилмекчи.

XS
SM
MD
LG