«Казакпочтасы» ишканасы Айдын Аимбетовдун Эл аралык космос станциясына конгондугунун урматына арналган 300 теңгелик почта маркасын чыгарды.
Казакстандык космонавт Айдын Аимбетов быйыл сентябрда "Союз ТМА - 18М» кораблинин командири, орусиялык Сергей Волко жана инженер, даниялык Андрес Могенсен менен бирге Эл аралык космос станциясына түшкөн. Ал жакта 8 күн болуп, 10дон ашык байкоо жүргүзүп, тажрыйба топтоп кайткан.