Ссылки доступа

Орус аскерий кемеси түрк балыкчыларына ок ачты


Орус өкмөтү “Сметливый” деп аталган аскерий кемеси 13-декабрда Эгей деңизиндеги түрк балыкчыларына ок атканын, бул эскертүү балыкчылардын кемеси менен кагылышып кетпөө үчүн жасалганын билдирди.

Кабарларга караганда, орус аскерлери түрк балыкчыларынын кемеси аларга 600 метр калган учурда ок атышкан. Андан соң түрктөр багытын өзгөрткөн.

“Биз бир канча жолу аракет кылганыбызга карабай, түрк кемесинин экипажы Орусия деңизчилери менен байланышка чыкпады, атайын белгилерге да жооп берген жок”,- деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Окуяга байланыштуу Москвадагы Түркиянын аскерий атташеси орус Коргоо министрлигине чакыртылды. Түркия расмий билдирүү жасай элек. Түрк балык кармоо кемесинин ээси болсо орусиялык суу унаасынан 2 километр алыстыкта жүргөнүн айтып, эч кандай ок атуулар болбогонун, тараптар кайчылаш өтүп кетишкенин CNN Turk телеканалына кабарлады.

XS
SM
MD
LG