Ссылки доступа

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды узартат


Европа Биримдигинин жогорку даражалуу өкүлү Орусияга карата экономикалык санкцияларды жарым жылга узартуу демилгеси 21-декабрда элчилердин жолугушуусунда талкуулана турганын “Азаттыкка” билдирди.

2016-жылдын 31-июлуна чейин узартуу сунушталып жаткан санкциялар мурдагыдай эле орус экономикасынын энергетика, каржы жана аскердик өнөр жай тармактарына багытталган.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Украинадагы кырдаалга байланыштуу Европа Биримдигинин чечимин колдой турганын жарыялады. Ал Орусия менен өз өлкөсүнүн жакшы алакасына карабай, бекем көз карашта туруу керектигин, санкциялар Кремл Минск макулдашуусун толук аткаргандан кийин гана алынарын кошумчалады.

Бул маселени Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары 17-18-декабрда талкуулаганы жатат. Азыркы санкциянын мөөнөтү келерки жылдын 31-январында аяктайт. Санкциялар алгач былтыр июлда Орусиянын Крым жарым аралын өзүнө каратып алганына жооп катары бир жылга киргизилген. Быйыл мартта Украина аймагында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишими аткарылбай жатат деген негизде узартылган.

XS
SM
MD
LG