Ссылки доступа

Обама: ИМ тобу менен күрөш мурдагыдан да жанданат


АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Ирак жана Сирияда ээлеп турган аймактардын басымдуу бөлүгү бошотулганын айтып, согушкерлерге каршы күрөш дагы да жанданышы зарылдыгын билдирди.

14-декабрда Пентагондо журналисттер менен жолугушкан учурда Обама коргоо министри Эш Картерге Жакынкы Чыгышка барып, АКШ баштаган эл аралык коалициянын иши менен жеринде таанышып келүүнү тапшырды.

Майрам алдында коомдун тынчсыздануусун жеңилдетүү боюнча АКШ лидери Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Ал экстремисттик топтордун лидерлерин жок кылуу иштерине дайыма көз саларын айтып, жоочуларды каржылаган булактар менен күрөшүү көңүл чордонунда экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG