Ссылки доступа

Орусияда оор жүк ташуучуларга айып пулдун көлөмү 90 эсеге азайды


Президент Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, федералдык каттамдарда жүргөнү үчүн салык төлөбөгөн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына салына турган айып пул 450 миң рублдан 5 миң рублга кыскарды.

Документ Орусиянын укук боюнча маалымат порталына жайгаштырылып, расмий күчүнө кирди.
Мыйзам боюнча, мындан ары көөлүктөрдүн айдоочулары эгерде анын ээси чет мамлекетте болгон учурда гана айып пул төлөшөт. Ал эми коюлган талапты аткарбаганы үчүн кайра салына турган айып пулдун көлөмү миллион рублдан 10 миң рублга түштү. Эгерде бир күндөнече жолу эреже бузууларга жол берилсе, унаа кожоюну биринчи жолку жаңылыштыгы үчүн гана жоопко тартылат.
Салмагы 12 тоннадан ашкан унаалардан трасса үчүн салык алуу жобосу быйыл 15-ноябрда ишке киргизилген. Акча "Платон" деп аталган төлөм системасы аркылуу төлөнөт. Бул эреже оор жүк ташуучулардын бушаймандыгын жаратып, бүткүл Орусияда каршылык акциялары менен коштолгон .Айдоочулар Путинге жакын санаалаш ишкер Аркадий Ротенбергдин уулуна таандык менчик компания акча топтоо менен алектене турганына да нааразылык билдиришкен.

XS
SM
MD
LG