Ссылки доступа

Швеция соту өзбек имамына кол салган адамды 18 жылга абакка кести


Uzbekistan - uzbek imam Obid Nazarov
Uzbekistan - uzbek imam Obid Nazarov

Өзбекстандык белгилүү дин аалымы Обид кары Назаровдун өмүрүнө кол салган деп айыпталган 37 жаштагы Юрий Жуковский 18 жылга эркинен ажыратылды.

Эстерсунд шаарынын соту аны күнөөлүү деп тапты. Обид кары Назаровду 2012-жылдын 22-февралында Стромсунд шаарындагы үйүнүн жанында атып кетишкен. Ал ошондон бери өзүнө келбей комада жатат.

Окуядан кийин Юрий Жуковский Москвадан кармалып, күнөөсүн моюнга алган. Кийинчерээк берген көрсөтмөсүнөн баш тартып, баарын ачык айтуудан коркуп жатканын билдирген. Быйыл 25-августта Орусия Жуковскийди Швецияга экстрадициялаган эле.

Швед прокурору Кристер Петерсон диний аалымды өлтүрүүгө өзбек бийлиги буюртма бергенин айтып, айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү сурады. Бирок сот 18 жылга өкүм чыгарды.

Назаров Борбор Азиядагы таанымал имамдардын бири. Ал өзбек президенти Ислам Каримовдун саясатын ачык сындап жүрүп, бийликтин кысымынан улам 1998-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Алгач Казакстанда убактылуу жашап, 2006-жылы Швециядан баш паанек алган болчу.

XS
SM
MD
LG