Бул тууралуу Батырбек Маматкулов “Азаттыктын” өзбек кызматына кабарлады. Анын айтуусунда, буга орусиялык чек арачылардын кайдыгерлиги, шалаакы мамилеси себеп. Анткени, 2013-жылынын 4-декабрында Орусияга кирүүнүн алдында чек арачылар маалымат базасына аялынын ата-тегин Маматкулованын ордуна Маткулова деп туура эмес жазышкан.
Быйыл алар Орусияда мындан ары да калуу максатында,каттоону жаңылоо үчүн Монголияга чыгып, кайра кирүүнү көздөшкөн. Бул учурда аты-жөндүн туура эмес жазылганы байкалып, аларга 2017-жылдын июлуна чейин Орусияга киргенге тыюу салынган.
Үй-бүлө азыр Баян-Улгий шаарынын мейманканасында күн өткөрүүдө. Бул шаарда көптөгөн казак тектүү жарандар бар болгондуктан,жергиликтүү калк менен тил табышып жашап жатышат.
Орусиянын Федералдык миграция боюнча кызматы бул маселе иликтенип жатканын маалымдады.