Ссылки доступа

Назарбаев: Казакстанды “татаал жол” күтүп турат


Казак президенти Нурсултан Назарбаев 16-декабрь - Эгемендүүлүк күнүн утурлай өткөн жыйында элге кайрылып, мамлекеттеги тынчтык менен коопсуздукту баалоого чакырды.

Ал дүйнөдө миллиарддан ашуун адам чыр-чатактар, согуштар болуп жаткан жерлерде жашоого аргасыз болуп жатканын, теракттар ишке ашырылып, жүз миллиондогон кишилер үй-жайсыз, ачка жүргөнүн эске салды.

Назарбаев алдыда Казакстанды мындан дагы татаал жол күтүп турганын моюнга алып, ошол эле кезде азыркы экономикалык каатчылык да жеңиш менен аяктай турганына көзү жетерин билдирди.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча өлкөнүн экономикасы оор кырдаалды баштан кечирүүдө. Мунай баасынын арзандашынан ички дүң өнүмдүн өсүү ыргагы быйыл 4,1 пайыздан 1 пайызга төмөндөдү.

Казакстан Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Украинадагы кырдаал жана Крымдагы саясаттан улам Батыштын Орусияга жарыялаган санкциялары аталган уюмдун курамындагы өлкөлөргө, анын ичинде Казакстанга да олуттуу таасир этип жатат. Расмий Астананы тынчсызданткан дагы биртоп көйгөйлөр бар. Алар - диний экстремизм коркунучу жана социалдык чыңалуу менен байланыштуу. Казак бийлиги сөз эркиндигининин ооздукталышы жана чыныгы оппозициянын жоктугунан да Батыштын сынына кабылып келет.

XS
SM
MD
LG