Ссылки доступа

Казакстанда эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө 

Казакстан көз карандысыздыктын 24 жылдыгын майрамдап жатат. Өлкөдө бул күндүн урматына эки күндүк дем алыш жарыяланган. Бүгүн Алматада шаардын акими Бауыржан Байбек менен жарандык активисттер борбордук аянттагы Эгемендик эстелигине гүл коюшту.

Бауыржан Байбек өлкөнүн көз карандысыздыкты алгандыгынын 24 жылдыгынын урматына гүл коюп жатканын айтса, оппозициячыл маанайдагы саясатчылар Жармахан Туякбай менен Жасарал Куанышалин жетектеген жарандык активисттер 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясынын курмандыктарын жана 1986-жылдын декабрындагы Алмата козголоңун эскерүү үчүн келгенин белгилешти.

Алар алып келген гүлчамбарда “Жаңы-Өзөнгө 4 жыл”, “Желтоксон –Жаңы-Өзөн” деген жазуулар оролгон. Алматадагы эскерүү акциясына ондогон активисттер чогулушту. Полиция аларга кылдат байкоо салып турду.

1986-жылдын декабрында Алматада жергиликтүү жаштардын массалык нааразылык толкуну башталган. Буга ошо кездеги Казакстандын лидери Динмухаммед Кунаевдин кызматтан алынып, анын ордуна Геннадий Колбиндин дайындалганы себеп болгон. Желтоксон козголоңу бир нече күнгө чейин уланып, Алматыга кошумча аскер күчтөрү киргизилген. Массалык акция күч менен таркатылып, анын катышуучуларынын баары соттолуп, узак мөөнөткө түрмөгө кесилген. Советтер Союзу кыйрап, Казакстан көз карандысыздыкка жетишкен соң окуяны бийлик башкача мааниде баалаган. Козголоңго катышканы үчүн соттолуп, ар кандай жазага тартылгандарды советтик репрессиянын курмандыктары деп жарыялап, аларды актаган. Ал эми 2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылышуу менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле.

В память о Жанаозене и Желтоксане

Собравшиеся в центре Алматы на площади Республики у Монумента Независимости гражданские активисты почтили память жертв Жанаозенских событий 2011 года и Декабрьских событий в Алматы 1986 года молитвой.
1/6 Собравшиеся в центре Алматы на площади Республики у Монумента Независимости гражданские активисты почтили память жертв Жанаозенских событий 2011 года и Декабрьских событий в Алматы 1986 года молитвой.
Гражданские активисты слушают слова молитвы в память о жертвах Жанаозенских событий 2011 года и Декабрьских событий в Алматы 1986 года.<br />
&nbsp;
2/6 Гражданские активисты слушают слова молитвы в память о жертвах Жанаозенских событий 2011 года и Декабрьских событий в Алматы 1986 года.
 
В Алматы на площади Республики у Монумента Независимости собрались несколько десятков гражданских активистов. Полиция наблюдала за ними со стороны.<br />
&nbsp;
3/6 В Алматы на площади Республики у Монумента Независимости собрались несколько десятков гражданских активистов. Полиция наблюдала за ними со стороны.
 
Венки и цветы, возложенные гражданскими активистами к Монументу Независимости в центре Алматы в память о жертвах Жанаозенских событий 2011 года и Декабрьских событий в Алматы 1986 года.<br />
&nbsp;
4/6 Венки и цветы, возложенные гражданскими активистами к Монументу Независимости в центре Алматы в память о жертвах Жанаозенских событий 2011 года и Декабрьских событий в Алматы 1986 года.
 
Черная лента с надписью &laquo;Жанаозен&raquo; и названиями НПО, активисты которых почтили сегодня память жертв Жанаозенских событий 2011 года и Декабрьских событий в Алматы 1986 года.<br />
&nbsp;
5/6 Черная лента с надписью «Жанаозен» и названиями НПО, активисты которых почтили сегодня память жертв Жанаозенских событий 2011 года и Декабрьских событий в Алматы 1986 года.
 
Собравшиеся на площади Республики в Алматы в памятный день 16 декабря 2015 года.&nbsp;
6/6 Собравшиеся на площади Республики в Алматы в памятный день 16 декабря 2015 года. 
Previous slide
Next slide

XS
SM
MD
LG