Ссылки доступа

Тажикстанда “Сангтуда-1” ГЭСи салыктан бошотолду 


Тажикстан парламенти "Сангтуда-1" ГЭСин ушул жылдын декабр айынан тартып 2017-жылга чейин салыктан бошотту.

Мындай чечим мажилисте 16-декабрда кабыл алынды. Буга "Барки тажик" энергетикалык холдингинин ГЭСке ири суммадагы карызын төлөй албай жатканы түрткү болду. Депутаттардын айтымында, станцияны салыктан бошотуу менен энергетикалык ишкананын бересеси азайат.

Аталган ГЭСтин 75 пайыз акциясы Орусияга, 25 пайызы Тажикстанга таандык. 1-декабрга карата энергохолдингдин карызы 513 миллион сомони же 75,5 миллион долларды түзөт.

"Барки тажик" компаниясынын жетекчиси Мирзо Иброхим мындай абалга алып-сатуудагы чоң айырмачылык себеп болгонун билдирди. Анткени, электр энергиясы 2,14 центтен сатып алынса, калкка орто эсеп менен 12 дирамга сатылат. Ошол эле маалда Тажикстандын салык комитети "Сангтуда-1" ГЭСи өзү салык төлөбөгөнүн айтып чыкты. Станциянын карызы 28 миллион сомониге жеткен.

XS
SM
MD
LG