Ссылки доступа

Ташкен эркин соода аймагын түзүүгө даяр эмес


Өзбекстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында эркин соода аймагын түзүүгө даяр боло элек. Бул тууралуу 15-декабрда Кытайдын Чжэнчжоу шаарындагы уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында өзбек премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов билдирди.

Эркин соода аймагын түзүүнү Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян сунуштаган. Азимов бул демилге ШКУнун быйыл июл айында Уфада өткөн саммитинде кабыл алынган 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында камтылбай калганын айтты.

Ошону менен бирге Өзбекстан ШКУнун алкагында өз ара соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүп жана бул чөйрөдө башка иш-чараларды иштеп чыгууну кубаттай турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG