Эмгек министрлигинин мекемелер аралык комиссиясынын билдирүүсүнө таянсак, визанын негизинде Орусияга келген чет элдик жумушчуларга болгон муктаждык 20 пайызга азайган. Ошол эле маалда кесипкөй жумушчуларга суроо-талап дале жогору.
Буга чейин Федералдык миграциялык кызматы экономикалык каатчылыкка жана рублдин наркы арзандаганына карабастан, мигранттар агымы азайбаганын маалымдаган. Быйыл Орусияга 16 миллионго жакын мигрант кирген. Алардын көпчүлүгү КМШ жарандары.