Ссылки доступа

АКШ менен Орусия ИМге каршы биргелешкен резолюция даярдоодо


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун каржы булактарына бөгөт коюу үчүн АКШ менен Орусия БУУнун коопсуздук кеңешинин резолюция долбоорун чогу камдап жатат.

Американын террорчулук жана чалгын боюнча вице-министринин милдетин аткаруучу Адам Шубиндин айтуусунда, документ 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдан кийин “Аль-Каидага” киргизилген резолюциянын негизинде даярдалууда. Анда террордук аракеттерди каржылоо мыйзамсыз экени так жазылган. Шубин Сирия менен Ирактагы бир топ аймактарды көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” тобунун мунай жана көгүлтүр от сатуудан тапкан кирешеси айына 40 миллион, жылына 400 миллион долларды чапчый турганын билдирди.

Террордук топтун кол башчыларынын бирине каршы ушул жылдын май айында жүргүзүлгөн операциядан кийин АКШ мунай жана газ обьектилери жайгашкан жерлерди аныктап, азыр аларга сокку урууда.

XS
SM
MD
LG