Ссылки доступа

Казакстан Желтоксон окуяларынын 29 жылдыгын эскерүүдө


Бүгүн Алматада 1986-жылдын декабрындагы окуяларды эскерүү иш-чаралары өттү.

Жүздөгөн жергиликтүү жашоочулар шаардын борборундагы “Эркиндик таңы” деп аталган айкелдин алдына топтолушуп, Желтоксон курмандыктарын эскеришти. Алматанын акими Бауыржан Байбек, коомдук ишмерлер, саясатчылар жана жарандык активисттер эстеликке гүл коюшту. Андан соң куран окулуп, чогулгандар шаар бийлиги уюштурган тамакка барышты.

Мындан 29 жыл мурда, 1986-жылдын 16-19-декабрь күндөрү Алматанын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги өлкө башчысы, Казакстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбин дайындалганына каршылык билдирип чыккан.

Кремл бул акцияны күч менен таратып, кийин куугунтук жана басым-кысымдар менен коштолгон. Анын запкысынан бир канча адам мерт болгон. “Желтоксон козголоңу” деп аталып калган бул окуядан соң ондогон адамдар соттолуп кеткен. Расмий маалыматта 99 адам ар кандай мөөнөткө соттолгону, айрымдары өлүм жазасын алганы айтылган. Көтөрүлүшкө жигердүү катышкандардын бири Кайрат Рыскулбеков алгач атууга өкүм кылынып, кийин бул жаза жумшартылып, ага 25 жыл берилген. Бирок абакта табышмактуу жагдайда көз жумган.

Тарыхчылар бүгүнкү күнгө чейин Желтоксон окуясы канча өмүрдү алганы так белгисиз экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG