Ссылки доступа

Путин жылдык маалымат жыйын өткөрүүдө


Орус президенти Владимир Путин ушул тапта Москвадагы Эл аралык соода борборунда кеңейтилген маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Жыл сайын салтка айланган жолугушуу Путин президенттикке келгени ушуну менен он биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Быйыл ага катышуу үчүн каттоого алынгандардын саны өтө көп. 1390 жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө уруксат берилген. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бир нече журналист аккредитациядан өткөрүлбөдү, деп билдирди. Бирок алардын атын атоодон баш тартты.

Путинге суроо берүүдө орусиялык журналисттер социалдык көйгөйлөргө, мунайдын арзандашына байланыштуу жаралган экономикалык каатчылыктан чыгуунун жолдоруна басым жасай турганы күтүлүүдө. Байкоочулардын баамында, чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Орусиянын тышкы саясаты, Сириядагы кырдаал, Түркия менен алакага кызыгат.

Жыл аягында чоң маалымат жыйын курууну Владимир Путин 2001-жылдан бери адатка айланткан. 2008-жылы анын журналисттер менен кездешүүсү 4 саат 40 мүнөткө созулуп, эң көп убакыт деп эсептелген. Орусия лидери анда 106 суроого жооп берген эле.

XS
SM
MD
LG