Андагы кабарга караганда, 2015-жылы Орусияга аткезчилик жолу менен тамеки киргизүү боюнча Белорус биринчи орунга чыккан.
Аталган өлкөдөн 30 пайыздан ашык тамеки орус базарына мыйзамсыз кирет. Бул көрсөткүч Орусиянын тамеки базарынын 1 пайызын түзөт. Экинчи орунда 8,19 пайыз менен Кыргызстан турат. Үчүнчү орунду 8,08 пайыз алып Казакстан ээлесе, төртүнчү орун Украинага тийген.