Ссылки доступа

Өзбекстанда малчылардын мүлкүн конфискациялоо уланууда


Өзбекстандын Жызак районунда пахта жана буудай боюнча мамлекеттик тапшырманы аткара албай, коммерциялык банктарга, камсыздоочу мекемелерге карыздары бар малчылардын мүлкүн мамлекетке чегерүү аракети уланууда.

«Ай балта» деп аталган операциянын алкагында бийлик карыз жарандардын мүлкүн алууга киришти.

Сот чечимдерин аткаруу боюнча департаментинин кызматкерлери 200дөн ашуун малчынын мүлкүн тартып алды.

“Сот аткаруучулар, акимчилик, укук министрлигинин жана милициянын кызматкерлери 7-8ден келишип, колуна эмне тийсе баарын алып кетүүдө”, - дейт атын атагысы келбеген малчы.

Фермерлер жергиликтүү бийликке жакын малчыларга эч ким тийбей, бирдей мамиле жасалбай жатат, деп да нааразы болушууда.

Бул жылы көптөгөн малчылар буудай менен пахта боюнча мамлекеттик тапшырманы аткара албай калышып, банктарга карыз болуп калышкан.

XS
SM
MD
LG