Ссылки доступа

 Путин кыздары менен сыймыктанат


Орус президенти Владимир Путин бейшембиде жылдык маалымат жыйынында "Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетиндеги "Инопрактика" долбоорунун жетекчиси Екатерина Тихонова сиздин кызыңызбы?"- деген суроого так жооп берген жок.

Бул долбоор университет ректорунун жакшы демилгеси экенин белгилеген Путин: "Кыздарым каякта иштерин жана кандай иш менен алектенерин эч качан айткан эмесмин, азыр да айтпайм. Бул бир канча себепке, анын ичинде коопсуздук маселесине да байланыштуу", - деди.

Бирок президент кыздары Орусияда экенин жана өз өлкөсүнөн башка жакта иштебегенин, билимди да орус окуу жайларынан гана алганын кошумчалады. Анын айтымында, кыздары үч чет тилде эркин сүйлөйт жана бизнес, саясат менен алектенбейт, эч кандай ишке кийлигишпейт. Кыздары өз карьерасындагы алгачкы кадамдарды жасап, жакшы ийгиликтерди багынтып жатканын айткан ата балдары менен сыймыктанарын да белгиледи.

Мунун алдында айрым медиа булактарга Путиндин кенже кызы Катерина Тихонова деген фамилия алып, ММУдагы "Инопрактика" долбоорун жетектеп жатканы тууралуу маалыматтар чыгып кеткен. Бирок ал расмий ырасталган эмес. Путиндин Мария жана Катерина аттуу эки кызы бардыгы, чоңу 30, кичүүсү 29 жашта экени расмий түрдө белгилүү.

XS
SM
MD
LG