15 жашка чейинкилер арасында химия, биология жана физика сабактары боюнча олимпиада 2-11-декабрь күндөрү Тэгу шаарында болду. Ага 43 мамлекеттен окуучулар катышты. Кыргызстандын атынан кыргыз-түрк “Себат” лицейинде билим алып жатышкан Данияр Шерали уулу, Ислам Бекташев, Иляс Батырбеков, Кылым Соодонбеков жана Чыңгыз Тилебалдиев барган.
Коло медал алган Тилебалдиев Нарындагы лицейде билим алат.
Окуучулар арасындагы так илимдер боюнча эл аралык олимпиада 11 жылдан бери уюштурулат. Окуучулар теориялык, эксперименттик сынактардан сырткары, атайын тесттен да өтүшөт.