Ссылки доступа

Аваков Саакашвилини сотко берди


Украина ички иштер министри Арсен Аваков Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвилини сотко берди.

Бул тууралуу Аваков жергиликтүү телеканалдардын бирине түз эфирде маек берип жатып айтты.

- Мен Саакашвили мырзаны сотко бердим. Себеби, сен бирөө-жарымды негизсиз ууру деп атасаң, ал үчүн жооп беришиң керек, - деди министр.

Анын айтуусунда, Грузиянын мурдагы президентин өкмөт башчы Арсений Яценюк да сотко берүүгө камынууда. Апта башында өкмөт жыйынында Саакашвили Аваковду жемкорлукка айыптап, экөө чырлашкан. Жинденген министр губернаторго стакандагы сууну чачып жиберген. Мурдараак Саакашвили премьер-министр Яценюкту да коррупция боюнча күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG