Ссылки доступа

Савченко кайрадан ачкачылык жарыялайт


Эки журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен Орусияда камакта отурган украиналык учкуч Надежда Савченко 18-декабрда кайрадан ачкачылык жарыялайт.

Бейшемби күнү Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту анын камак мөөнөтүн 2016-жылдын 16-апрелине чейин узартуу чечимин чыгарган. Соттолуучунун күнөөсүз экенин далилдөө максатында Украина өкмөтү сунуштаган документтер отурумда каралган жок. Буга нааразы болгон Савченко ачкачылык баштарын билдирди.

Учкуч 2014-жылдын июль айында кармалган. Андан бери эки жолу ачкачылык жарыялады.

Украин бийлиги Савченко күнөөсүз экенин айтып, аны чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG