Ссылки доступа

Тажикстанда “Улут көсөмү” тууралуу мыйзам президенттин кароосуна жиберилди


Өлкө парламентинин Жогорку палатасы 18-декабрда президент Эмомали Рахмонго “улут көсөмү” деген макам ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорун бекитти.

Анда мамлекет башчы менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн өмүр бою кол тийбестик менен камсыздоо, алардын коопсуздугун сактоо жана социалдык кепилдик берүү сунушу камтылган.

«Тынчтык жана биримдикке негиз салуучу – Журт башы жөнүндө” деп аталган мыйзам 16 беренеден турат. Документти 9-декабрда тажик мажилисинин төмөнкү палатасы бир добуштан колдогон эле.

Эми президенттин өзүнүн кароосуна жолдонду. Эмомали Рахмон кол койсо, аталган мыйзам долбоору күчүнө кирет. Анын мазмуну элге толук жарыялана элек. Өлкө башчынын расмий уруксатынан кийин гана таратылмакчы.

Депутататтардын айтуусунда, мыйзамдын экинчи бөлүмүндө коомчулук тарабынан “улут көсөмүн” сыйлоо эрежеси жазылган. Ал эми андагы эки берене эл башынын китепканасы менен музейин түптөө маселесине арналган.

63 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат. Өлкөдө өткөрүлгөн эки жолку конституциялык реформа ага президенттик шайлоого бир нече жолу катышканга мүмкүнчүлүк берип, Рахмондун ыйгарым укуктары 2020-жылга чейин узартылган.

1998-жылы тажик президентинин беделин жана ар-намысын коргоо тууралуу мыйзам кабыл алынган болчу.

XS
SM
MD
LG