Ссылки доступа

Самаркандда жаңы жылды кафе-ресторандарда тосууга тыюу салынды


Самарканд облусунун акими Зойир Мирзаев шаар тургундарына келерки жылды ар кайсы жерлерде эмес, үйдөн тосууну сунуштады.

Облус жетекчинин чечими менен 31-декабрда шаардагы баардык ресторан, кафелер жабылат.

Бул тууралуу «Самарканд жарчысы” гезити кабарлады. Андагы маалыматка таянсак, аким бул тууралуу жаңы жылды майрамдоого көрүлүп жаткан камылгалар боюнча өткөн иш-чарада билдирген.

Анын баамында, Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан, бардык жарандар аны жакындар менен тосуп алууга тийиш.

Мындан тышкары Самарканд бийлиги калаадагы көңүл ачуу жайларына майрам күндөрү түнкү саат 11ге дейре гана иштеп, келген коноктордун санын 400гө чейин чектөөнү буюрду.

XS
SM
MD
LG