Ссылки доступа

Тажикстанда эксперттер сайттарды чектөөгө каршы чыгышты 


Дүйшөмбүдө 19-декабрда болгон “Тажикстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттердин коопсуз иши” деп аталган талкууда сайттар менен социалдык түйүндөрдү чектөө өлкөнүн маалымат коопсуздугуна коркунуч туудура турганы айтылды.

Интернет-провайдерлер бирлигинин төрагасы Асомиддин Атоев Ютуб хостингинде тажик согушкери элди Сирияга жихадга чакырып жатканы тартылган видео жайгаштырылганда ага эч ким көңүл бурбаганын, бирок сайтка кирүүгө тыюу салынгандан кийин бул материалды көрүүгө кызыкдар адамдардын көбөйгөнү байкалганын билдирди.

Талкууда айрым аткаминерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатышы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине кысым көрсөтүү учурлары ортого салынып, бул жагдайлар сөз эркиндигине терс таасир тийгизип жатканы да белгилүү болду.

Тажикстанда интернет-провайдерлер ар кандай булактарга, анын ичинде “Азаттыктын” тажик кызматынын сайтына, «Озодагон» агенттигине, Фейсбук, Ютюб түйүндөрүнө чек киргизилип турат. Байланыш кызматтары муну техникалык себептерге шылтап келет.

XS
SM
MD
LG