Ссылки доступа

“Айчүрөк” базарынын сатуучулары Ак үй алдына митингге чыкты


Бишкектеги “Айчүрөк” базарынын 50дөн ашуун сатуучусу бүгүн Ак үй алдына митингге чыгып, соода жайды жабуу чечимине нааразылык билдиришти.

Алар насыя менен иштеп атышкандыктан, жок дегенде бир жыл ошол жерде соода кылууга уруксат берүүнү суранышты.

Аталган базар баш калаадагы “Айчүрөк” соода борборунун артында жайгашкан. Ал жерде 300 чамалуу ишкер соода кылат. Мэрия ал жерди унаа токтотуучу жай кылуу чечимин чыгарган. Буга байланыштуу соода борборунун жетекчилиги базарды жабуу аракетин көрүүдө.

Нааразылыкка чыккандар акцияны мэриянын жанында улантмай болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG