Ссылки доступа

Кыргыз өкмөтү депутаттардан Суу кодексин талкуулоону токтото турууну суранды


Жогорку Кеңештин Агрардык комитети Суу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды кароону кийинкиге калтырды.

Өкмөт мыйзамды кароону кийинкиге жылдыруу сунушун эксперттик топ долбоорду даярдап бүтө электиги менен негиздеген. Өкмөттүн өкүлү Ислам Мойдинов долбоор качан каралары азырынча белгисиз экенин айтты. Аталган мыйзам мөңгүлүү жерлерде кен казуунун жол-жобосун аныктайт.

Парламент ушул жылдын аягына чейин “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизбесе, “Кумтөрдун” иши токтоп калуу алдында турганын Тоо-кенчилердин кесиптик уюмунун төрагасы Элдияр Тажибаев билдирген.

XS
SM
MD
LG