Ссылки доступа

Өзбек бийлиги жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда


Өлкөнүн Ички иштер министрлиги экстремисттик уюмдардан туулган коркунучтар тууралуу маалыматка ишенбөө керектигин айтууда.

Аталган мекеме мындай кабарлар коомчулукту дүрбөлөңгө салып сатканын жана кырдаал тыкыр көзөмөлдө экенин, андыктан кооптонууга негиз жоктугун кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин террорчулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Уктам Мурадов эл арасындагы ар кандай кептерди ушак, чагым катары баалады.

Буга чейин өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Өзбекстанды бутага алып жатканы тууралуу кабар тарап, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн болчу.

Жергиликтүү укук коргоочулардын маалыматы боюнча, аталган уюмга катышы бар деген шек менен камакка алынгандардын саны 200дөн ашты.

XS
SM
MD
LG