Ссылки доступа

Путин Советтер союзун кайра куроого умтулбайт 


Орус президенти Владимир Путин өз өлкөсү Советтер союзун кайра түптөөнү максат кылбай турганын кечээ дүйнөлүк маселелерге арналган телеберүүдө билдирди.

Ал Украина жана жалпы эле мурдагы советтик мейкиндиктеги мамлекеттерге токтолуп, Батыш жана Американын саясаты Украинанын кызыкчылыгын коргобой турганын, Советтер союзундай бирикме түзүлүп калышына жол бербөөнү гана көздөй турганын жарыялады.

“Бирок, бизде андан мүдөө жок десек, эч кимдин ишенгиси келбейт», – деди Путин.

Москва менен Батыштын алакасы кансыз согуш доорунан бери былтыр март айында Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин кескин солгундады. Тараптар Украинанын чыгышындагы кырдаалга байланыштуу да мунаса таба албай жатышат. 2014-жылдын апрелинен тарта Орусияны жактаган жикчилдер менен Украинанын аскерлеринин салгылаштарынан 9 миңден ашуун адам мерт кетти. Кремл украиндик улутчулдар ал жактагы орус тектүүлөргө жана орус тилдүү жергиликтүү элге коркунуч жаратып жатат, деген позицияны карманууда.

XS
SM
MD
LG