Ссылки доступа

 Өз ара жаңжалдашкан казак прокурорлору боюнча адилет чечим чыкпаганы айтылууда


Кесиптешинен таяк жеп,андан кийин жумушсуз калган Алмата облусундагы Талды-Коргон шаарынын 47 жаштагы мурдагы прокурору Бибигүл Абдрахимова калыс чечим чыгарылган жок деп нааразы болуп жатат. Ал иши жок жүрүп, Казакстанда өз укугун коргоо оор экенине көзү жеткенин айтып чыкты.

Бибигүл Абдрахимова өзү иштеген бөлүмдүн башчысы Айдос Жумагуловдун орунсуз сынга алуусунан тажап, натыйжада эки прокурордун пикир келишпестиги мушташка чейин жеткен. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, эки тарап тең күнөөлүү деп табылган. Экөө тең кызматынан төмөндөп, Айдос Жумагулов Ак-Суу райондук бөлүмгө жиберилген. Көп узабай Талды-Коргонго мурдагыдан дагы жогорку орунга келгени Бибигүл Абдрахимованын нааразылыгын жараткан. Ал эми Абдрахимова эң алыскы Балхаш районуна барууга макул болбой, өз арызы менен кызматтан кетип, чындыкты ачыкка чыгарууну көздөгөнү менен андан майнап чыкпай жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG