Ссылки доступа

Казакстан Евробиримдик менен өнөктөштүк тууралуу жаңы келишим түздү


Казакстан Евробиримдик менен жаңы өнөктөштүк келишимин бекиткени тууралуу тиешелүү документке Астанада Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов жана Евробиримдиктин коопсуздук саясаты жана чет элдик иштер боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини кол коюшту.

Макулдашууда өз ара кызматташуунун 29 тармагы көрсөтүлгөн. Анда аймактык коопсуздук, куралсыздандыруу жана соода-экономикалык маселелер камтылган.

Евробиримдик менен келишилген бул макулдашууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу Казакстан менен кол коюлду.

Былтыр Евробиримдик менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 50 миллиард долларга жеткен.

XS
SM
MD
LG