Ссылки доступа

Путин: Казакстан менен алака маанилүү


Орус президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарынын алкагында Москвада жүргөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди Кремлде кабыл алды.

Путиндин айтуусунда, эки мамлекеттин кызматташтыгы ийгиликтүү өнүгүп жатат. Ошондой эле бажы, техникалык тескөө жана башка тармактардагы өз ара алаканы жакшыртуу боюнча иштер уланып жатканын, мунун баары оң натыйжа берерин кошумчалады.

Казакстан Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигинин негизги мүчөлөрүнүн бири.

Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев Казакстан Евробиримдик менен өнөктөштүктү кеңейтүү тууралуу келишимди бекитердин алдында жолугушту.

Астана менен Брюсселдин ортосунда мындай макулдашууга жетишүү жаатындагы сүйлөшүүлөр төрт жылга созулуп, былтыр аяктаган. Европа биримдиги Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасынан экономикасы күчтүү деп эсептелген Казакстан менен кызматташтыкты бекемдөөгө умтулууда.

XS
SM
MD
LG