Ссылки доступа

 Кыргызстанда кумарканаларга кайрадан уруксат берүү сунушталууда


Экономика министрлиги казинолорду иштетүүгө кайрадан уруксат берүүнү сунуштоодо.

Бул боюнча мыйзам долбоору 18-декабрда коомчулуктун талкуусуна коюлду. Документ өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын коомдук талкуу боюнча Экономика министрлигинин жооптуу өкүлү Данияр Абдылдаев билдирди.

Анын айтуусунда, мыйзамда казинолорду бүт өлкөдө иштете берүү маселеси каралган эмес. Үч эле жайда ачуу сунушталган: Чүй облусунда, Ысык-Көлдө жана өлкөнүн түштүк аймагында. Баса белгилеп койчу жагдай, кумарканалар кыргыз жарандарына эмес, чет элдиктерге гана ачык болот. Бул кадам бюджетти толтуруу боюнча кошумча чаралардын бири катары каралууда.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта кумарканалардын ишине тыюу салынган. Быйыл апрелде тотализатордук жана букмекердик кеңселердин иши токтотулган. Буга жаштар арасында кумарга берилип кетүү көбөйүп жатканы негиз болгону белгиленген.

XS
SM
MD
LG