Ссылки доступа

Тажикстанда жаңы жылдык балаты жана дасторкон жасоого тыюу салынды


Өлкөнүн билим берүү жана илим министри Нуриддин Саид жаңы жылдык балаты майрамын уюштурууга тыюу салуу тууралуу буйрукка кол койду.

Ага ылайык, бардык билим берүү мекемелеринде балатыларды кыюу, аларды орнотуу, коздоо, фейерверк менен пиротехниканы колдонуу, майрамдык отуруштарды уюштурууга,белек берүүгө жана майрам үчүн акча топтоого чектөө киргизилмекчи.

Ошондой эле окуучулардын жана студенттердин жапырт майрамдоосуна, эс алуу жайларына баруусуна да тыюу салынат.

Министрлик болочок ээлерине майрам күндөрү маданий, адабий иш-чаралар, спорттук мелдештерге катышууну сунуштады.

XS
SM
MD
LG