Өзбекстан тергөөсүнүн маалыматы боюнча, Уринов башында «Таблигчилер» уюмуна кирип, андан кийин 2012-жылдын март айында Орусияда тыюу салынган “Түркистан Ислам партиясына” кошулуп кеткен.
Ал Москвада 2012-жылдын октябрь айына чейин болуп, тарапташтарын издеп, Ооганстан менен Тажикстандагы партиянын мүчөлөрүн колдоо үчүн каражат топтогон.
Августта сот аны айыптуу деп таап, экстрадициялоо чечимин кабыл алган. Бирок Уринов жана жактоочу тарап буга макул болбой, жогорку инстанцияга арыз жолдогон эле.