Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн Коомдук биринчи каналдын “Биринчи радиосуна” курган маегинде айтты.
Премьер-министр азыркы режим эки өлкөнү тең канааттандырарын кошумчалап, өкмөт мүчөлөрү эл аралык алакалар боюнча билдирүү жасардан мурун Тышкы иштер министрлиги менен кеңешүүсү боюнча эреже бар экенин эске салды.
Экономика министри Арзыбек Кожошев өткөн жумада Кытайдагы иш сапарында эгер визасыз режим киргизилсе, Кыргызстанга жыл сайын миллионго жакын турист келиши мүмкүн экенин айткан болчу.