Коё берилгенден кийин ракетанын көп жолу колдонулчу жабдыгы биринчи жолу жерге жакшы конду, бул Space X үчүн чоң ийгилик болуп эсептелет.
Ракета орбитага алып чыга турган он бир телекоммуникациялык спутник америкалык Orbcomm компаниясына таандык.
Бул 28-июндагы кырсыктан кийин Falcon 9 ракетасынын өзгөртүлгөн түрүнүн биринчи учушу. Ал кезде ракета Dragon жүк ташуучу кемеси менен мейкиндикке чыгып, 2 мүнөт 19 секунддан кийин абада жарылып кеткен.
Ага чейин апрелде көп жолу колдонулчу Dragon жабдыгы коё берилгенден кийин ийгиликтүү коно албай калган.
Калифорниянын Space X компаниясы Falconду он сегиз жолу катар менен ийгиликтүү учурган.