Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө тажик-өзбек саясий жолугушуусу болот


Эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнөн турган топ 24-25 декабрда Дүйшөмбүдө жолугушат.

Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жазылды. Делегацияларды министрлердин орун басарларды жетектейт. Сүйлөшүүлөр алгач 17-18-декабрга белгиленип, бирок белгисиз себептерден улам кийинкиге жылган.

Кездешүүдө тараптар аймактагы орчундуу көйгөйлөрдү, Жакынкы Чыгыш жана Ооганстандагы кырдаал, эки мамлекеттин алакасын бекемдөө маселелерин талкуулашат.

Тажикстан менен Өзбекстандын алакасы көз карандысыздыкка жетишкен 1991-жылдан бери дурус эмес. Расмий Дүйшөмбүнүн Рогун ГЭСинин курулушун бүткөрүү аракетинен кийин, мамиле ого бетер начарлаган. Ташкен азыркыга чейин ГЭС курууга каршылыгын тынбай айтып келүүдө.

XS
SM
MD
LG