Ссылки доступа

АКШ Орусияга жаңы санкция жарыялады


АКШнын Юстиция министрлиги Украинанын чыгышындагы жаңжалга тиешеси бар бир катар орусиялык компанияларга санкция киргизди.

Министрлик жарыялаган жаңы тизмеде ВТБ 24 банкы, Сбербанктын Украинадагы жана Швейцариядагы бөлүмдөрү, Рособоронэкспорт, “Галс Девелопмент” компаниясы, “Яндекс.Акча” төлөм системасы жана башкалар бар.

Жалпысынан “кара тизмеге” 34 жеке жана юридикалык тараптар кирген. Ошондой эле АКШнын чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, санкциялар өз алдынча көз карандысыздык жарыялап алган “Луганск элдик республикасынын” өкүлү Владислав Дейнегого жана “Донецк элдик республикасынын” тышкы иштер министри Александр Кофманга да киргизилди.

Өткөн аптада Евробиримдиктин өкүлдөрү Орусияга каршы чектөөлөрдү дагы жарым жылга узартуу чечимин кабыл алышкан. Жаңы санкциялар дүйшөмбүдө күчүнө кирди.

XS
SM
MD
LG