Ссылки доступа

Нарын облусунда адамга кол салган карышкырлар жок кылынды


Эки кишиге кол салып, жарадар кылган карышкырларды жергиликтүү аңчылар атып, Бишкекке адистердин текшерүүсүнө жиберишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгы, райондук ички иштер бөлүмү жана санитардык көзөмөлдөө мекемесинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия окуя болгон Өрүк-Там айылына барышып, жабыркаган адамдар менен байланышта болгондорду текшерип жатышат.

22-декабрда айылдагы мектептин от жагуучусу таңкы саат жетиде жумушка бараткан кезде ага эки карышкыр кол салган. Жырткычтар от жагуучунун колун чайнап, ошол эле жерде турган дагы бир адамды тиштеген. Дароо эл топтолуп, аларды карышкырлардан арачалап калышкан. Жабыркагандар ооруканада, абалдары орто.

XS
SM
MD
LG