Ссылки доступа

Украина жана жикчилдер майрам күндөрү ок атууну токтотууну макулдашты


Жаңы жыл алдында ок атууну токтотуу жөнүндөгү келишим бүгүн күчүнө кирди.

Макулдашуу Минскиде Орусия, Украина жана ЕККУнун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө жетишилген. Анда украин делегациясын жетектеген мурунку президент Леонид Кучманын маалымат катчысы Дарья Олифер ок атууну токтотуу тууралуу келишим 22-декабрдан 23-декабрга караган түнү күчүнө кирерин билдирип, бул келишим биринчи кезекте Донбасста жашаган калк үчүн керектигин белгиледи.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлү Мартин Сайдик да келишимди кубаттап,“демилге жикчилдер менен атышуу жүрүп жаткан аймакта жашаган жарандар үчүн өзгөчө маанилүү. Алар жаңы жылды тынчтыкта тосуп, мындай абалды андан ары да сактайт деп үмүттөнөбүз” -деди.

XS
SM
MD
LG