Ссылки доступа

Тажик Башкы прокуратурасы аңдуучу жана тыңшоочу жабдыктарды алууну көздөгөнү айтылууда


Швеция менен Финляндиялык биргелешкен Telia Sonera компаниясы Башкы прокуратура Tcell мобилдик байланыш ишканасынан аңдуучу жана тыңшоочу жабдыктарды сураганын жарыялады.

Аталган мекеме мындай жабдыктар тиешелүү мамлекеттик органдарга техникалык жардам катары берилерин айтып, куралдуу козголоңдордун алдын алууга, оор кылмышкерлерди табууга шарт түзөт деп түшүндүргөн.

Башкы көзөмөл органы бул боюнча азырынча маалымат бере элек. Тактоо иштеринен кийин жооп кайтарыла турганын кабарлады.

Тажикстанда элди мобилдик байланыш менен камсыздаган 10 компания бар. Байланыш рыногунда «Вавилон», Tcell жана орусиялык «Мегафон», Beeline компаниялары алдыңкы орунда турат.

XS
SM
MD
LG